• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 23 жаштагы жигит изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Ратбек Валиев изделүүдө.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга 25-октябрда В.Э. аттуу жаран өзүнүн 23 жаштагы 2-топтогу майып баласы Ратбек Валиевди таап берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Ратбек Валиев 24-октябрда саат 20:00дөр чамасында И.Ахунбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170, чачы кыска, орто дене түзүлүштө.

Өзгөчө белгилери: далысында так, жаагында кал бар.

Кийимдери: кара түстөгү ветровка, кара түстөгү спорттук шым, көк түстөгү туфли жана көк түстөгү чыптама.

"Ратбек Валиевдин кайда экендигин билгендер болсо 0(312) 54-41-84, 0(555) 01-17-17 жана "102" номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий