• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Ош шаарында чектөөлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Ош шаарында акыркы кырдаалга байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилди, - деп кабарлайт коронавируска каршы ыкчам штаб.

Ага ылайык;

- Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек”, “Тешик-Таш” жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт. Апта ичинде эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү шарт.

- 10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды.

- Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.

- Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Тыюу салынышына карабай той-мааракелерди өткөргөн кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөшү керек.

Жогорудагы талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий