• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Түркиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар COVID-19 пандемиясынын маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына каршы күрөшүүдө түрк тарабынын Кыргыз Республикасына жардам көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий