• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Лукашенкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону мамлекеттик майрам — Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын оң динамикасын, аймактык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк кызматташуунун жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн элинин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен күч-аракеттер менен мындан аркы кыргыз-белорус мамилелердин жалпы комплексин кеңейтүүнү камсыз кылаарыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Беларус элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий