• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, Айбек Молдогазиев Николас Боулерди ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырышы менен куттуктап, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тышкы иштер министринин орун басары Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты, өзгөчө билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан ары биргеликте иш жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий