• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары Братиславада жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан менен Түркиянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары Чыңгыз Айдарбеков жана Мевлют Чавушоглу Братислава шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ЕККУ ТИМК) аянтчасында жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого ниетин билдирип, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

"2019-жылдын 21-22-ноябрында Анкара шаарында болуп өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын жыйынтыктары позитивдүү белгиленди. Тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду сактоону сүйлөшүштү. 2020-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча маселелерди макулдашышты", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий