• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-августта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев келерки жылы Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене тургандыгын маалымдап, ушуга байланыштуу британ тарапка бул датага арналган биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.

Тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарындагы кыргыз-британ мамилелеринин пайдубалын бекемдей турган жаңы Кызматташуу келишимин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев жана Улуу Британиянын Кыргыстандагы элчиси Ч.Гарретт өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасынын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Р.Казакбаев Улуу Британия менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маанилүү экендигине көңүл бурду. Кыргыз Республикасында Британиянын билим берүү борборун жана Британ Кеңешинин (British Council) өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө алар 2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында өткөрүлө турган COP-26 климаттык конференциясына кыргыз тараптын катышуусун талкуулашты. Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мындан аркы кызматташуунун, бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү, калкты эмдөө жана эл аралык COVAX механизми аркылуу мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

КР ТИМ башчысы Р.Казакбаев ошондой эле элчиге Кыргыз Республикасында боло турган маанилүү саясий окуялар, үстүбүздөгү жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу министр Р.Казакбаев британ тарапты алдыдагы шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды, ошондой эле Улуу Британия менен парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий