• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйында Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу үчүн биргелешип каржылоо маселеси каралды. Тагыраагы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонду, “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсы, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда.

Белгилей кетсек, долбоордун болжолдуу баасы 35 млн доллардан ашуун. Курулуш иштерин 2-2,5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Долбоор ишке ашырылса, анын жалпы кубаттуулугу 26 МВтты түзөт жана жылына орточо 108 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууну болжолдойт.

Пикир

Оставить комментарий