• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги түнкү клубдарда баңгизат колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0


Бишкек, 27.06.23./Кабар/. 26-июнь - Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Бишкекте түнкү клубдарда баңгизат колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иштери Октябрь райондук милициясынын жана Кинология борборунун кызматкерлери менен биргеликте Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты коомдук жайларда жасалган кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле түнкү клубдарга келген эс алуучулар арасында баңгизатты колдонуу фактыларын аныктоо болуп саналат.

Милиция кызматкерлери түнкү оюн-зоок жайларынан тышкары, борбор калаанын жаштарынын жана конокторунун арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Асанбай сейил багында жана ага жакын аймактарда жаштардын чогулган жерлерин текшеришти.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери Октябрь районундагы түнкү клубдардын жетекчилиги менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы курөшүү кызматы эс алуу мекемелеринде мындай акциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу керек экенин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий