• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын ИИМ башчылары өз ара кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев бүгүн түнү Бишкек шаарына келди. Эл аралык “Манас” аэропорттунан россиялык делегацияны Ички иштер министри Улан Исраилов тосуп алды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин делегациясынын келиши Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарына байланыштуу уюштурулган.
Ички иштер министрлигинде болгон жолугушунун жүрүшүндө өз ара кызматташуу маселелери негизги темага айланды. Министр Улан Исраилов Росссиянын ички иштер министрлигинин делегациясынын Кыргызстанга болгон сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Ички иштер министрлери эки мамлекеттин ортосундагы экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы туруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты арттыруу маселелелерин талкуулашты.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган жагдайлар, көз караштар жана маселелелер боюнча пикир алышышты.

“Эки өлкөнүн ички иштер министрлигинин учурдагы ар тараптуу кызматташтыгы багытындагы негизги мамилелер иштиктүү негизде жүрүп жатат. Эки тараптын ортосундагы көп багыттуу байланыштарды арттыруу аракеттеринин мааниси абдан зор”,- деп баса белгиледи Улан Исраилов.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташууну жана мамилелерди жогорку денгээлде жүргүзүү керек экендиги жана эки өлкөнүн Ички иштер органдарынын мамилесин жандантуу, ошондой эле өнүгүүгө багытталган мындан кийинки иштер жемиштүү боло тургандыгы да белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий