• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дээрлик бардык журналисттер жоопкерчиликти унутта калтырышты – К.Таабалдиев

Саясат 0

Бишкек, 17-март /Эрмек Абдрисаев - Кабар/. «Жоопкерчилик гана болушу керек, анын жоктугунан эле мындай кырдаал чыгып жатат. Анын кесепетинен жалган жөнөкөй маалыматтан ашып түшүп, эч ким жоопкерчилигин албаган жагдай түзүлүүдө», - деди “Кабар” КУМА директору Кубанычбек Таабалдиев КТРКнын сөз эркиндигине арналган “Ой-Ордо” берүүсүндө.

Анын айтымында, ЖМКнын жоопкерчилиги риторикалык мүнөздөгү суроо. “Чындыгында, бул тигил жагына да, бул жагына да бурса боло турган риторикалык суроо. Бирок, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн башкалардан айырмасы биз демократиялык өнүгүү жолунда бара жаткандыгыбызда. Демократияны өнүктүргөн, аны менен бирге бардык жалпыга маалымдоо каражаттары ак менен караны айрып билген, кайдан барууга болот, кайсы чектен ашпаш керектигин билген өлкөлөр бар”, - деп белгиледи К.Таабалдиев.

“Менде ушундай бир сезим бар – 25 жашка чыкканыбызга карабастан, кыска шым кийип жүргөнүбүздөй эле сезилет. А биз өсүшүбүз керек. Бирок, жаш балдар сыяктуу сөз эркиндиги менен ойноп жатабыз”, -деп улантты ал.

Анын айтымында, сөз эркиндигине топук кыла турган маал келди. “Сөз эркиндиги – бул өмүр бою кармана турган жана тынбай айта берүүчү же кимдир бирөөнү кайсы бир нерселерге күнөөлөй берүүчү аксиома эмес. Жоопкерчилик кана? Медалдын экинчи жагы ушул. Айтылып келгендей, ал басылмага карабастан, бардык журналисттер тарабынан унутта калды”, - деп баса белгиледи “Кабар” агенттигинин директору.

Саясат таануучунун пикиринде, жоопкерчилик болууга тийиш, бирок ал жок болуп жатат. «Жоопкерчилик гана болушу керек, анын жоктугунан ушундай кырдаал чыгууда. Анын кесепетинен жалган жөнөкөй маалыматтан ашып түшүп, эч ким жоопкерчилигин албаган жагдай түзүлүүдө», -деп белгиледи ал.

“Азыркы тапта жалган чектен ашып, кандайдыр бир чараларды көрүүгө мажбурлап жатат. Ошондой эле, азыр ошол кыска шым кийген адамдарга “Ойлонгула, силердин калпыңар бардыгын тажатты. Эгерде токтотпосоңор, силерди сот жоопкерчилигине тартабыз” деп айтып тургандай жагдайда турабыз”, - деди К.Таабалдиев.

“Кабар” агенттигинин директорунун айтымында, бул жагынан алганда, биз бир аз эс тартып келе жатабыз жана бул бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн маселеси. “Айрыкча, Кыргызстан сыяктуу коомдо демократия өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде”, -деп сөзүн жыйынтыктады медиаэксперт.

Пикир

Оставить комментарий