• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти

Өкмөт 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев жана министрлик менен ведомстволордун жетекчилери бүгүн, 17-мартта, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жайгашкан элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы, 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган эстеликке гүл чамбар коюшуп, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы болгон кандуу окуянын курмандыктарын эскеришти. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий