• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Айдарбеков ЕБнын Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу кечээ, 12-февралда Брюссель шаарында өтүп, анда ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында өткөрүү маселелери талкууланды.

ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Ж.Боррель бул иш чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн жана ЕБнын БА өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка көп көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий