• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР МККсы тездик менен паспорт алууну кайрадан жандандырды

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. КР Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы буйругуна ылайык бир нече саатта тездик менен документтештирүү боюнча пилоттук долбоорду кайрадан ишке киргизди, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Бишкек шаарында жайгашкан калкты тейлөө борборлорунда жарандар үч жумуш сааты аралыгында паспорт ала алышат. Ал эми Чүй облусунун ( Кант ш., Токмок ш., Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Кемин, Сокулук, Москва жана Аламүдүн райондору) тургундары ID-карт же жалпы жарандык паспортторду 8 жумуш сааты аралыгында ала алышат.

Бекитилген прейскурантка ылайык КР жаранынын паспортун жасоо наркы 3/8 саат үчүн (бланк, мампошлина, банк комиссиясы төлөмдөрүн эске албаганда)

- ID – карт (3/8 саат) - 4455 сом;

- Жалпы жарандык паспорт (чет өлкө паспорту) (3/8 саат) – 5165 сом.

Пикир

Оставить комментарий