• 88.68
  • 95
  • 0.95

Германиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий