• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди

Коом 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Россия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик Бишкекке Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) адистери келгенин белгилеп, алар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, Улуттук госпиталга жана башка бир катар медициналык мекемелерге барганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий