• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү — эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков ошону менен катар Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2020-жылдын 1-июлунда Россия Президенти Владимир Путинге Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий