• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев 70 студентке президенттик стипендия тапшырды

Президент 0

Бишкек, 18.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2016-2017-жылында жакшы окуган студенттерге стипендия тапшырды

Мындай стипендия жыл сайын КР президентинин билим берүү фондунан берилип, таланттуу жаштарга акчалай жардам көрүү максатын көздөйт.

Жалпысынан 32 жогорку окуу жайлардын окуу кеңешинин чечими боюнча президенттик стипендияга 178 талапкердин документи берилген.

Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештин өкүлдөрү бар эксперттик жумушчу топ тарабынан кароонун жыйынтыгы менен окуудагы ийгиликтери үчүн Кыргызстандын ЖОЖдорунун 70 студенти президенттин стипендияга көрсөтүлгөн.

Стипендиаттардын арасында техникалык адистик жаатында – 11, маданият жана искусства – 9, келечектеги укук коргоо органы жана коргоо кызматкерлери – 6. Калган студенттер бизнес, журналистика, айыл-чарба, юриспруденция жаатында окугандар. Стипендиаттардын 14ү аймактардан келгендер (20%).

Пикир

Оставить комментарий