• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Акылман” лицейи Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылды. Президенттин жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.

Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу иштеп жаткан “Акылман” президенттик лицейи Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылат жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын президентине баш ийет.

“Акылман” президенттик лицейин каржылоо толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен жүргүзүлөт.

“Акылман” лицейинин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, Кыргыз Республикасынын президенти анын төрагасы болуп саналат.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” КР Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий