• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы санариптик трансформациянын маанилүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУ ӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева Кыргызстандагы санариптик трансформациянын маанилүү маселелерин талкуулашты.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда БУУ ӨП тарабынан сунушталган өлкөнүн санариптештирүүгө даярдыгын баалоо боюнча изилдөө жана анын туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү мааниси талкууланды.

БУУ ӨП тарабынан иштелип чыккан баалоо методологиясы мыйзамдарды, бизнести, башкарууну, инфраструктураны жана коомду талдоо үчүн кеңири колдонулат.

Министр Нурия Кутнаева бул куралдын санариптик чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

БУУ ӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева коомду өнүктүрүүдө жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүдө санариптик технологиялардын ролун баса белгиледи.

Жыйынтыгында 2022-2025-жылдардагы санариптик стратегиянын алкагында кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий