• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-мартта Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйналышы болот

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. 29-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин V жыйналышы болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйналышта «2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө» маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий