• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаевге сыртта жүргөн эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү боюнча маалымат берилди

Президент 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-мартта Өкмөт алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Медетбек Айдаралиев Президентке сыртта, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү иштеринин багыттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык интеграция процессине катышуусуна байланыштуу бизден барган мигранттардын абалынын жакшырышын эске алуу менен Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан Кыргызстан жарандарын сыртта ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү жана алардын укуктарын коргоо боюнча чаралар комплекси көрүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев эмгек мигранттары өз социалдык-укуктук проблемаларын чечүүдө мамлекеттин колдоосун сезип жана өз укуктары менен милдеттерин билүүгө тийиш экенин белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы сыртта иштеген кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеӊири жайылтуу аркылуу аларга колдоолорду күчөтүү зарылдыгына көӊүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий