• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ө.Текебаевдин иши боюнча жетиштүү жана төгүнсүз далилдер алынды

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата жетиштүү жана төгүнсүз далилдер алынды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Айрым ЖМКларда жарыяланган “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин кайрылуусун карап чыгып, келтирилген жүйөлөрдүн негизсиздигин жана алардын кылмыш ишинин жагдайларына дал келбестигин билдиребиз”, - деп белгилешти УКМКдан.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Ө.Текебаевдин КРнын айрым жарандары менен туруктуу коррупциялык байланыштарды түзүшүнүн бардык жагдайлары аныкталды. “Алардын максаты 2010-жылы “Мегаком” компаниясын көзөмөлдөөгө кызыкдар жактардан ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуу болгон”, -деп билдирди УКМК.

Белгиленгендей, Ө.Текебаевдин кылмыш кылгандыгынын далили мыйзамга ылайык тергөө аяктаганга чейин жарыялоого болбой турган бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана документалдык маалыматтар менен ырасталды.

“Кылмыш ишин иликтөө кылмыш-процессуалдык мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө. Кылмыш ишин тергөө жыйынтыктары боюнча сот алынган далилдерге баа берип, айыпталуучулардын канчалык деңгээлде күнөөлүү экендиги аныкталат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий