• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таев баштаган тийиштүү тармактын жетекчилери калаадагы мектептердин жылытуу ситемаларын текшерип чыкты. Анда билим берүү мекемелерин үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо жана электр энергиясын үнөмдөө максатында, электр энергиясы менен жылытылган 7 мектеп, 5 бала бакчанын жылытуу системасын электр энергиясынан башка (газ, көмүр, мазут) булак аркылуу жылытуу сунушталды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 23 бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий