• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылышы болду. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Тунгуч кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 миң 664ү 14 жашка чейинки балдар.

Пикир

Оставить комментарий