• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар эл аралык турнирде 5 медаль утту, анын экөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык турнирде 5 медаль утту. Анын 2 - алтын, 2 - күмүш жана 1 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган турнир Беларустун Минск шаарында 18-23-ноябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Беларусь, Россия, Кытай, Тажикистан жана Конгодон келген 107 спортчу катышты.

Эл аралык турнирде жалпы 20 комплект медаль ойнотулган.

Кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг) жана Анвар Ходжиев (60 кг) алтын уткан. Аскат Култаев (67 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) күмүш утса, Баяман Азизбек уулу (57 кг ) коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий