• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сууда сүзүү боюнча өлкөнүн жайкы ачык чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын жайкы ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 20-22-май күндөрү Бишкек шаарында өттү.

Чемпионатка олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин жана Бишкек шаарынын клубдарынан келген жалпы 62 спортчу катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Сууда сүзүү федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий