• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

FIFA 2022-жылы Дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын санын көбөйтүүдөн баш тартты

Спорт 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын санын көбөйтүү чечиминен баш тартты.

FIFA командалардын санын 32ден 48ке чейин көбөйтүү маселесин карап жаткан.

Эл аралык футбол федерациясы 2022-жылга чейин аз убакыт калганын, даярдык көрүүгө көп убакыт кетерин билдирди. Катардагы Дүйнө биринчилигине 32 команда катышат.

Эске салсак, Катарда Дүйнө чемпионаты 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт.

2017-жылдын башында FIFA 2026-жылдан тарта дүйнө чемпиондугунун катышуучуларынын санын 32 ден 48ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий