• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан – Сингапур беттешинин биринчи таймы 0:0 эсебинде аяктады

Спорт 0

Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрүүдө.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүдө.

"Ак шумкарлар" кооптуу чабуулдарга чыкканы менен гол жарата алган жок. Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады.

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы бардык оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, “Ак шумкар” 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий