• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутат: Токтогул районунун атайын фондунун ишин текшериш керек, нааразычылыктар көп

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Токтогул районунун атайын фондунун акыркы үч жылдагы ишин текшерип көрүп, калктын нааразычылыгына чекит коюу зарыл. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кезинде Токтогул жергесиндеги 33 миӊ гектар жер суу сактагычка берилип, 43 адам адам башка жерге көчөрүлгөн. Ошондон улам, ошол кенемтени толтуруу катары, Токтогул районунун атайын фонду түзүлүп, ага жыл сайын бюджеттен 70 млн сом которулуп турат. Тилекке каршы, ал фонддун тегерегинде нааразычылыктар арбын. Ошондуктан, анын акыркы үч жылдагы ишине тийиштүү баасын берүү менен, нааразычылыктарга чекит коюу зарыл. Муну тармактык комитет мамлекеттик органдар менен бирге текшерип көрүшү керек.

«Жергиликтүү тургундардан кайрылуулар түшүүдө. Алардын айтымында, Токтогул районунун атайын фондун бир үй-бүлө мүчөлөрү башкарып, каражат башаламан жумшалат экен. 70 млн сом аз каражат эмес, фонддун акыркы үч жылдагы ишине иликтөө жүргүзүп, каражаттын кайда жана кандай жумшалып жатканын тактоо зарыл. Эгерде каражат өз багытында жана жергиликтүү калктын пайдасы үчүн жумшалып жатса, анда анын жетекчилерине сыйлык бериш керек. Эгерде каражат кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына гана жумшалып жаткса, анда анын жетекчилерине тийиштүү чараларды көрүш керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий