• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурмагомедов – Фергюсон беттеши: Таймаштын эң кымбат билети 11 миң доллар турат

Спорт 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Тони Фергюсондун беттешиндеги эң кымбат билеттин сааны 11 157 доллар турат. Бул тууралуу аталган мелдештин билет саткан сайтында айтылат.

Эки мушкердин беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, билеттер сатыкка 31-январда коюлат. Ал 195 доллардан 11 157 доллларга чейинки баада сатылат.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 28 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен. Ал эми Фергюсондын куржунунда 25 утуш, үч жеңилүү бар.

Пикир

Оставить комментарий