• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

АФК кубогу: Бүгүн “Алай” жана “Дордой” Түркмөнстан жана Тажикстандын чемпиондору менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн Азия футбол конфедерациясы - 2017 кубогунун топтук раундунун алкагында биринчи турдун оюндары болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, “Алай” командасы Ошто Түркмөнстандын чемпиону “Алтын асыра” командасы менен ойнойт. Аталган оюн Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт. Башталышы 14:00.

Ал эми “Дордой” клубу биринчи турдагы оюнун конокто өткөрөт жана Тажикстандын учурдагы чемпиону “Истиклол” командасына каршы ойнойт. Оюн жергиликтүү убакыт боюнча 19:30да башталат.

Топтун раунддун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду багындырган команда чейрек финалга чыгат.

Пикир

Оставить комментарий