• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда 2013-жылдан тартып 350 бала бакча ачылган

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргызстанда 2013-жылдан тартып 351 жамааттык бала бакча ачылган. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында мыйзамсыз түрдө менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ичинен өз максатында колдонууга 198 имарат кайтарылып берилген.

Алардын ичинен 146сы өз максатында колдонулса, калгандарында оңдоо иштери уланып же оңдоо иштерине каражаттарды издөө жүрүп жатат.

Мектепке даярдоону республикалык бюджеттен каржылоо 2015-жылы 12,3 млн сомдон 2016-жылы 229,9 млн сомго, тактап айтканда, 19 эсе бүткөн.

Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги мектепке даярдоону 2010-жылы 10%га 2016-жылы 20%га чейин камтууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий