• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМдин расмий өкүлү: Тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо президенттин ыйгарым укуктарына кирет

Саясат 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Маалымат департаментинин директору, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов "Комсомольская правда" гезитинин республикада батыш өлкөлөрү менен жакындашууну жактаган адамдардын тобу бар делген макаласына байланыштуу комментарий берди.

- Жакында “Комсомольская правда” гезити Кыргызстандын саясий элитасында «Россия менен мамилени кайра карап чыгууну, Россия менен альянстан баш тартууну жана Батыш өлкөлөрү менен жакындашууну жактаган аткаминерлердин таасирдүү тобу пайда болгондугу» тууралуу макала жарыялады. Мындай билдирүүлөргө кандай комментарий бере аласыз?

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарына кирет, ал эми аны ишке ашырууну түздөн-түз өлкөнүн тышкы саясий ведомствосу жүргүзөт.

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык курсун, эки тараптуу форматта да, биздин жалпы интеграциялык бирикмелердин алкагында да жетишилген макулдашууларды, милдеттенмелерди жана келишүүлөрдү сактоонун бекем жактоочусу болуп саналат.

Ошондой эле Кыргызстан прагматикалык, тең салмактуу, ачык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын жана Батыштагы өнөктөштөрү менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнү уланта берерин баса белгилегим келет.

Пикир

Оставить комментарий