• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Венада ЕККУнун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрында Австриянын Вена шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргызстан ЕККУ менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча кызматташууга чоң маани берет деп ишендирди.

Ошондой эле Р.Казакбаев өлкөдөгү ички саясий абал, парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө катары өзүнүн беделин мындан ары да чыңдоого умтула тургандыгын баса белгиледи.

КР ТИМ башчысы Кыргызстанда сөз жана ЖМК эркиндигинин деңгээли туруктуу өнүгүп жаткандыгын, Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын кесиптик даярдыгынын деңгээли жогору экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Казакбаев өлкөдө ЖМКларды эркин каттоого жана алардын иштешине эч кандай тоскоолдук, мамлекеттик цензуранын жоктугуна көңүл бурду. Өлкөдө журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу абал туруктуу болуп, медиа кызматкерлерине карата киши өлтүрүү же зомбулук фактылары жок экендигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иликтөө иштерине эч кандай тоскоолдук жаралбай турганын баса белгилеп өттү.

Министр Р.Казакбаев "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму тарабынан жарыяланган сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 2021-жылы Кыргызстан 180-өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеп, 2018-жылга салыштырмалуу рейтингин 19 тепкичке жакшыртканын маалымдады.

Бул контекстте Р.Казакбаев өкүлчүлүккө "Чек арасыз кабарчылар" рейтингинде биринчи орунду ээлеген өлкөлөргө баруу менен Кыргыз Республикасынын журналисттери жана ЖМК өкүлдөрү үчүн тренингдерди уюштурууга көмөктөшүүнү сунуштады.

Учурдан пайдаланып, министр өнөктөшүн Кыргыз Республикасына келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Т.Рибейро КРда сөз эркиндигинин жана маалымат каражаттарынын, анын ичинде журналисттик иликтөөнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал кыргыз жетекчилигинин журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча саясатын жана маанилүү саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жана коомду андан ары демократиялаштырууда ЖМКнын негизги ролун кубаттады.

Өкүл уюмга мүчө мамлекеттер менен биргеликте жаңы чакырыктарга, анын ичинде дезинформацияга каршы күрөшүүнү уланта тургандыгын белгиледи.

Бюро КР бийлигине маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча милдеттенмелерин аткарууда, анын ичинде КР журналисттери жана ЖМК өкүлдөрү үчүн тренингдерди уюштурууда зарыл болгон бардык жардамды жана колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий