• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абсаттар Сыргабаев соцкелишим менен 100 миң сом алган үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөрдөн кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов, Курманбек, Достук, Спутник жана Тайгараев аймактык башкармалыгында болуп, долбоордун алкагында каражат алган үй-бүлөлөргө барды.

Жергиликтүү тургундар бул каражатты негизинен дыйканчылык, тигүүчүлүктү жолго коюу, тамак-аш азыктарын даярдоо, унаа каражаттарын оңдоо жана мал чарбачылыгы багытына колдонушкан. Жашоочулар берилген каржылык колдоо турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, киреше бөлүгүн арттырууга көмөк көрсөтүп жатканын белгилешти.

Облус башчысы бул аракет үй-бүлөгө көмөктөшкөн мамлекеттик колдоо экенин белгилеп, аны максаттуу пайдаланууга чакырды. Ал эми ишкердикти жүргүзүүдө жаралган маселелерди чечүүгө жергиликтүү бийлик көмөктөшөөрүн айтты.

Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоорунун биринчи бөлүгүндө Жалал-Абад шаарындагы 50, экинчи бөлүгүндө 75 үй-бүлө ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты. Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылы 600, 2023-жылы долбоорго 4004 үй-бүлөнү камтуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий