• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

3-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +10...+15 градус жылуу болот. Ал эми Бишкекте +15...+17 жана Ош шаарында +24...+26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий