• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакында кыргызстандыктар жаңыртылган тариф менен биринчи квитанцияларды алышат

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Жакында кыргызстандыктар жаңыртылган тариф менен биринчи квитанцияларды алышат. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ишканасы билдирет.

Компаниянын маалыматына ылайык, электр энергиясынын баасы 0,77 сомду түзгөн апрель айынын бир нече күндөрү акы төлөнүүчү мезгилге камтылса, эсептөө кандай жүргүзүлөт деген суроо көпчүлүктү тынчсыздандырууда.

Май айынын квитанциялары абонент керектөөнүн чегинен (лимитинен) ашканына же ашпаганына жараша, эки же үч цифрадан турат. Биринчи цифра – бул 2023-жылдын 1-майына чейин керектелген электр энергиясынын көлөмү, экинчи цифра – эсептешүү мезгили үчүн 700 кВт сааттан ашпаган 1-майдан баштап керектелген киловатт-сааттын саны.

Үчүнчү цифра лимиттен ашык керектелген электр энергиясынын көлөмүн билдирет.

Май айынын квитанциясын эсептөөгө байланышкан кошумча суроолордун жообун call-борбордун операторлоруна чалып билсеңиздер болот. Байланышуу номерлери: 105, 1209

Пикир

Оставить комментарий