• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Бүгүн, 3-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда саат 08:00дөн 22:00гө чейин Жал-23 кичирайонундагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий