• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Анда Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары тарабынан бир катар социалдык, коммуналдык көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү боюнча жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Шаар мэринин эл менен жолугушуусу 15-мартка чейин Жалал-Абад шаарындагы 5 аймактык башкарууда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий