• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда орточо айлык маяна 33,6 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын январына карата Кыргызстанда орточо айлык маяна 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымына караганда, 2023-жылга карата өсүү 12,7% түзгөн.

"Орточо айлык маянанын артышы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен операцияларында, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, кен казуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий