• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 339 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 4нөн 10-мартка чейинки аралыкта 22 миң 8 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинде:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 312;
  • мас абалында унаа башкаруу – 339;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 869;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 039;
  • автоээнбаштык – 9;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 030;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 353;

Ошондой эле 1 363 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий