• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине "Темике" аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө "Темике" аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну С.Т. экени аныкталган.

Факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча 1985-жылы туулган С.Т. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык "марихуана" жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылып, алынган.

Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий