• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Оор кылмыш үчүн соттолгон жаран милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган. Үстүбүздөгү жылы 30-июнда түндө Ысык-Ата районунда жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу мекемелердин бирине белгисиз адамдар тарабынан тосмодон уруксат берилбеген предметтер ыргытылган.

Мекеменин ичиндеги тыюу салынган аймагынан 983 грамм 330 миллиграмм болгон гашиштин чайыры табылган.

Бул факты боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталган. 26-августта жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жаран 2000-жылы туулган К.А. кармалды.

Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында анын тууганы милиция кызматкерлерине ири суммадагы акча каражатын сунуштаган.

"26-августта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкеринин билдирмеси боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ушул эле күнү Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринен милиция кызматкерине 150 миң сом берип жаткан жеринен ортомчулук кылган жаран 1990-жылы туулган Х.Д. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Такталган маалымат боюнча пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран уюштурган.

Азыркы учурда башка ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну уюштуруу жана Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин аймагына ыргытуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий