• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Ош шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары, дарыгерлер борбору, милиция кызматкерлери менен биргеликте 2-февралдан тарта шаар аймагындагы балдарды коргоо, үй-бүлөлүк чыр чатактарды алдын алуу максатында көзөмөлдөө иш аракетин жүргүзүп жатышат. Анда түзүлгөн жумушчу топ шаар тургундары менен пикир алышып, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктап, үймө-үй кыдырып жатышат.

Бул иш аракет Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 20-81 сандуу «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары жөнүндө» протоколунун 1-пунктун аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №10-б буйругунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Аныктоо иш аракеттери 2021-жылдын 18-февралында жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий