• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде таза суу топтолуучу кудуктун 21 темир капкагын уурдаган адам кармалды

Аймак 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу кудуктун 21 темир капкактарын уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу облус администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, темир капкактар 15-апрелге караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган болчу.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 41 жаштагы тургунун кармашкан. Анын үйүндө кудуктун капкактары табылган.

Азыркы бул уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий