• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ушул жылдын 1-кварталында 65 млн сомдон ашык салык перифериялык орнотмолор аркылуу төлөндү

Экономика 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда перифериялык жабдуулар аркылуу биринчи кварталда 48 миң 195 салык төлөмдөрү жүргүзүлүп, бюджетке 65,3 млн сом келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Мында төлөмдөрдүн эң көбү төлөм терминалдары аркылуу төлөнүп, 34,3 млн. сом суммасында 36 миң 958 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн мындын башка инновациялык методдорун да колдонушкан. Мисалы: банкомат аркылуу 970,3 миң сом суммасында 961 төлөм, веб-кассалары аркылуу 27,5 млн сом суммада 5 миң 370 төлөм, электрондук капчык аркылуу 320 миң сом суммада 560 төлөм, интернет-банкинг аркылуу 1,4 млн. сом суммада 2 миң 426 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу 702,2 миң сом суммада 1890 төлөм, Card reader каражаты аркылуу 30 төлөм 135,3 сом суммада төлөнгөн.

Азыркы учурда Кыргызстанда салыктарды төлөөнүн “Интернет-банкинг”, “Мобильный банкинг” системалары аркылуу салыктарды жана төлөмдөрдү кабыл алуучу, ошондой эле WEB-кассалары, банкоматтар, POS-терминалдар сыяктуу ар түрдүү инновациялык методдор иштейт. Салык төлөөчүлөр бул кызматтардын ар кандай түрүн колдонуп, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн салыгын, киреше жана жер салыгын төлөө үчүн колдоно алышат.

Мамлекеттик салык кызматы калкка накталай эмес дистанттык тейлөөнүн ар түрдүү ыкмаларын жеткирүү максатында коммерциялык банктар менен активдүү кызматташат. Бүгүнкү күндө накталай эмес төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү үчүн 19 банк менен келишим түзүлгөн.

Салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын киргизүү, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана өлкөдөгү салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле

Пикир

Оставить комментарий