• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен районунун Кан айылында окуучулар зомбулукка каршы акцияга чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Баткен районунун Кан айылында мектеп окуучулары зомбулукка каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таян айылдык милиция бөлүмчөсүнүн демилгеси менен Дара айыл аймагында Дара айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, соцпедагоктор менен З.Ормонов орто мектебинин окуучуларынын катышуусунда "Зордук зомбулукка каршыбыз" аталышындагы акция өткөрүлүп, жөө жүрүш уюштурулду.

Жөө жүрүш милициянын кызматкерлери менен коштолуп, коомдук тартип сакталды. Андан соң окуучулар менен милиция кызматкерлери кылмыштардын алдын алуу багытында пикир алышып, суроо-жооптор болду.

Акциянын максаты алсыздарга карата жасалган зомбулукту токтотуу жана алдын алуу болуп саналат.

Белгиленгендей, бул аймакта 10 ай ичинде милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин жакшы натыйжасында балдар арасында зордук-зомбулук катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий