• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Калктуу конуштарды бийик тоолуу жана жолу татаал аймактарга классификациялоонун жаңы критерийлери иштелип чыгууда

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Президенттин администрациясында бийик тоолуу, алыскы жана жетүү кыйын болгон аймактарда жайгашкан калктуу конуштарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйыны өттү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Комиссиянын отурумунда бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштарды инвентаризациялоо боюнча үч ведомство аралык жумушчу топтун аткарган иштери боюнча отчеттору угулду.

Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Мамлекеттик картография» геодезия жана картография мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан бийик тоолордо (деңиз деңгээлинен 1800 метр жана андан жогору) жайгашкан калктуу конуштардын тизмесинин долбоору каралды. Бул тизмеге ылайык, бүгүнкү күндө калктуу конуштардын жалпы саны 464 болсо, анын ичинен 40 конуш 1800 метрден төмөн болсо, белгиленген бийиктик критерийлерден жогору жайгашкан 22 жаңы конушту тизмеге киргизүү сунушталды.

Ошону менен бирге бийик тоолу аймактын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин илимий жактан түшүнүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калктуу конуштарды бийик тоолуу зонага классификациялоонун илимий негиздемеси келтирилген.

Ошондой эле, эл өкүлү Арсланбек Малиев тарабынан жаратылыш-климаттык шарттары катаал калктуу конуштарды киргизүүнүн критерийлерин кароо сунушталды.

Критерийлерди аныктоодо комплекстүү мамилени эске алуу менен алыскы жана жетүүгө кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштар боюнча, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына, алыстык жана жетүү шартынын катаалдыгы боюнча критерийлердин методологиясын аныктоо үчүн мамлекеттик буюрутманын алкагында каражат бөлүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий