• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу жана Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Алгач МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын № 1 жана № 3 отканаларынын абалы менен таанышуу үчүн барды.

Бүгүнкү күнгө карата № 3 отканага жаңы суу куурларын орнотуу, “Артезиан” суусун тартып келүү иштери аткарылды. Учурда тартылып келген суу куурларга кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, № 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунан улам, Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген болчу.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча долбоордун жүрүшү менен таанышты. Учурда Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымынан “Камбар-Ата 1” ГЭСинин тушуна (айланма каналга) чейин келүүчү автожолду, транспорттук тоннелди куруу, ошондой эле жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк чордондорун орнотуу иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары Нарын дарыясына көпүрө жана жаңы кирүүчү жолдорду, куруучулар үчүн убактылуу шаарчаны куруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Жумуш сапарынын соңунда Бакыт Төрөбаев кезинде банкротко учурап, кийин мамлекеттин карамагына өткөн “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсынын ишмердүүлүгү менен танышты.

Ата мекендик өндүрүүчүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсына 1 млрд сом бөлгөн. Бул каражат банка жана бөтөлкө түрүндөгү айнек идиштерди чыгарууга жабдууларды сатып алуу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоого жумшалат. Мында 1,5 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий